Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:45

Реестрде он миңден ашуун жоголгон же жок кылынган кылмыш иштери бар


Дамир Сагынбаев.
Дамир Сагынбаев.

Башкы прокуратуранын реестринде жоголгон же жок кылынган он миңден ашуун кылмыш иштери бар.

Коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын 8-февралындагы чечими менен башкы көзөмөл органында кылмыш иштеринин реестри түзүлгөн. Анын негизинде шалаакылыкка байланыштуу 11 кылмыш ишин ачуу чечими кабыл алынган.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев бейшембиде Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында бул тууралуу айтып, реестр жаңыланып, толукталып жатканын, күнөөсү барлар жазаланарын белгиледи.

XS
SM
MD
LG