8-февралда көпчүлүк аймактарда кар жаайт. Жолдорго муз тоңуп, тоолуу райондордо кар күрткүсү болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -12...-17, күндүз -2...-7,
Талас жергесинде түнкүсүн -11...-16, күндүз -2...-7,
Жалал-Абад, Баткен, Ош облустарында түнкүсүн -2...-7, күндүз -1...+4,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -7...-12, күндүз -2...-7,
Нарын аймагында түнкүсүн -18...-23, күндүз -8...-13,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -27...-32, күндүз -15...-20 градус болот.
Бишкекте түндө бир аз кар жаайт. Жолдор тайгак болот. Түнкүсүн -13...-15, күндүз -2...-4 градус болот.