Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:42

Жээнбеков Путин менен алдыдагы сапарды телефондон талкуулады


Сооронбай Жээнбеков менен Владимир Путин. Буга чейин тартылган сүрөт.
Сооронбай Жээнбеков менен Владимир Путин. Буга чейин тартылган сүрөт.

Президент Сооронбай Жээнбеков Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүп, анын Кыргызстанга боло турчу мамлекеттик сапары жөнүндө пикир алмашышты. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты.

Сүйлөшүүдө мамлекет башчылары эки жана көп тараптуу кызматташуу жана буга чейин жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу жөнүндө да сөз кылышты.

Быйыл мартта Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет. Мартта ошондой эле өлкөлөрдүн өкмөттөрүнүн ортосундагы комиссиянын отуруму өтөт.

Буга карата даярдык иштерин талкуулоо үчүн Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 3-4-февраль күндөрү Кыргызстанга расмий иш сапары менен келген. Ал Бишкекте президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугуп, бир катар иш-чараларга катышкан. (ErN)

XS
SM
MD
LG