Техникалык мүчүлүштүктөн улам Бишкек-Стамбул багытындагы учак "Манас" эл аралык аэропортунда учпай токтоп турат.
"Pegasus" компаниясынын PC701 каттамы 7-февралда таңкы саат 7:05те учмак. Жүргүнчүлөр учакка отургузулгандан кийин техникалык кемчилик аныкталып, элди кайра түшүрүшкөн. Каттам саат 10:30га жылдырылып, ал деле аткарылбай калды.
Түркиянын "Pegasus" компаниясынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү катары иштеген "Эйр Манас" компаниясынын башчысы Талгат Нурбаев "Азаттыкка" учак саат 11ге жакын оңдолуп бүтүп, учууга даярдалып жатканын билдирген.
Аэропорттун басма сөз кызматы жүргүнчүлөр учакка чыгарылып жатканын айткан, бирок кайра каттам токтотулуп, кечки саат 18:30га жылдырылган. Анын чоо-жайын аталган компаниядан тактоого мүмкүн болбой жатат. Аэропорттун сурап-билүү кызматы "Pegasus" компаниясы гана жооп бере турганын билдирди.
Кыргызстанда учактардын техникалык мүчүлүштүктөн улам учпай калган, асманга көтөрүлүп кайра конгон учурлар соңку жылдары көп катталууда. (SE)