Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:52

Казакстанда активист аял акталды


Айгүл Акбердиева
Айгүл Акбердиева

Казакстанда “бийликти күч менен басып алууга чакырык жасаган” деп айыпталып жаткан Маңгыстау облусунун тургуну Айгүл Акбердиева акталды. Мындай чечимди 6-февралда Актау шаардык соту чыгарды. Сот ошондой эле негизсиз кылмыш жоопкерчилигине тартылганы үчүн ага келтирилген зыянды калыбына келтирүү тууралуу да чечим чыгарганын адвокат Жанар Сундеткалиева билдирди.

Акбердиеванын күйөөсү Абловас Жумаев да ушундай эле айып менен былтыр күзүндө үч жылга эркинен ажыратылган. Жубайлардын төрт баласы бар. Акбердиевага каршы кылмыш иши 2018-жылдын август айында козголгон. Ал “Казакстандын демократиялык тандоосу" уюмунун "Телеграмм" чатында бир нече жолу бийликти басып алууга чакырык жасаган билдирүүлөрдү жазган деген шек менен камалган.

Анын ишине Европарламенттин депутаттары көз салып турушкан. Бозгундагы ишкер Мухтар Аблязовдун “Казакстандын демократиялык тандоосу" кыймылы былтыр жазында Астана соту тарабынан “экстремисттик" деп табылып, анын ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.

 

XS
SM
MD
LG