Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:01

Трамп: ИМ тобу басып алган жерлер толук бошотулганын жарыялайбыз


АКШнын президенти Дональд Трамп.
АКШнын президенти Дональд Трамп.

Кошмо Штаттары кийинки аптада “Ислам мамлекети” террордук тобу көзөмөлдөп келген аймактар толук бошотулганын расмий жарыялайт.

Бул тууралуу шаршемби күнү АКШ башында турган эл аралык коалиция өкүлдөрү менен жолугушкан учурда президент Дональд Трамп билдирди.

Курамына 79 мамлекет кирген коалиция жети жылдан бери "Ислам мамлекети" террордук тобуна каршы аскерий операция жүргүзүп келет. Трамптын сөзүнө караганда, азыркы убакытта террорчулар бир кезде “халифат” деп жарыялаган чоң территориянын азганактай гана жерине көзөмөл кылууда.

Буга чейин АКШ өкүлдөрү “Ислам мамлекети” тобу мурда басып алган аймактарынын 99,5 пайызынан айрылганын, азыр алардын колунда Сириянын Евфрат өзөнүнүн боюндагы беш чарчы километр жер гана калганын маалымдашкан.

Дональд Трамп "Сириядан АКШнын аскерлерин алып кетип жатканыбыз менен "Ислам мамлекети" тобуна каршы күрөштү токтотпойбуз" деп айтты.

Президенттин Сириядан АКШ аскерлерин чыгаруу тууралуу чечимин Конгресстеги демократтар менен республикачылар сындаган. Алар "Ислам мамлекети" тобу кайра күчөйт деген кооптонууларын билдиришкен.

Апта башында АКШнын Борбордук командачылыгынын башчысы, генерал Жозеф Вотел да Сенаттагы угууда америкалык аскерлер Сириядан кеткенден кийин согушкер топ кайра баш көтөрүшү мүмкүн экенин маалымдаган.

XS
SM
MD
LG