Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:28

ФИФА рейтингинде Кыргызстан төрт тепкичке төмөндөдү


Кыргызстандын курама командасы Абу-Даби шаарындагы беттешүү алдында. 21-январь, 2019-жыл.
Кыргызстандын курама командасы Абу-Даби шаарындагы беттешүү алдында. 21-январь, 2019-жыл.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы эл аралык Футбол федерациясынын (ФИФА) кезектеги рейтингинде төрт тепкичке төмөндөдү. Уюмдун расмий сайтында бүгүн жарыяланган маалыматка таянсак, Кыргызстан 1253 упай менен 95-орунда жайгашты.

Буга чейинки рейтинг узаган жылдын 20-декабрында жарыяланып, ал учурда Кыргызстан 91-орунду ээлеген.

20-декабрдан бери Кыргызстандын курама командасы жети беттеш: эки жолдоштук беттеш, бир контролдук матч жана Азия кубогунда төрт оюн өткөрдү. Ал беттештин алтоо расмий беттеш деп саналып, аталган рейтингди аныктоодо эсепке алынган.

Жолдоштук беттеште Кыргызстан Иорданияны жеңип (0:1), Катарга жеңилген (0:1). Контролдук матчта Палестинаны 2:1 эсебинде жеңген. Азия кубогунда Кытай, Түштүк Корея жана БАЭге жеңилип, Филиппинди утуп алган.

Рейтингде көч башын Бельгия, Франция жана Бразилия жетектейт. Азия кубогун алган Катар курама командасы рейтингде чоң секирик жасады. Декабрь айындагы рейтингде 93-орунду ээлеген Катар бул сапар 55-катарга чыкты. ФИФАнын кезектеги рейтинги 4-апрелде жаңыланат. (ECh\ErN)

XS
SM
MD
LG