Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:35

Ливанда биринчи жолу ички иштер министри болуп аял дайындалды


Ливан.
Ливан.

Райа Хассан Ливанда гана эмес, жалпы эле араб дүйнөсүндө бул кызматка келген биринчи аял министр болуп калды. Ал буга чейин Сирия менен коңшулаш бул мамлекетте Финансы министрлигин башкарып келген.

Шаршембиде Ливандын премьер-министри Саад Харири өлкөсүндөгү төрт министрлик кызматты аялдарга тапшырды. Энергетика, Административдик өнүгүү жана аялдар иштери боюнча министрликтер аялдардын башкаруусуна өттү. Бул да өлкө тарыхында буга чейин болбогон көрүнүш. Харири "Твиттердеги" баракчасына «Мен ливандык аялдар менен сыймыктанам, араб дүйнөсүндөгү биринчи ички иштер министри аял болушу менен сыймыктанам»,-деп жазды.

Административдик өнүгүү министрлигинин башына келген мурдагы теле алып баруучу Мей Чидиак 2005-жылы чабуулда жабыркап, бир колунан жана бир бутунан ажыраган.

Кыргызстанда учурда үч гана министрликти аялдар жетектешет.

XS
SM
MD
LG