Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:31

Александер Чеферин УЕФА президенттигине кайра шайланды


Александер Чеферин. 7-февраль, 2019-жыл
Александер Чеферин. 7-февраль, 2019-жыл

Европа футбол ассоциациялар бирлигинин башчылыгына словениялык юрист жана футбол менежери Александер Чеферин дагы төрт жылга шайланды. Добуш берүү 7-февралда уюмдун 55 өкүлү катышкан Римдеги жыйында болду.

Чеферин УЕФАнын башчылыгына биринчи жолу 2016-жылы президенттин милдетин испаниялык мурдагы футболчу Анхель Мария Вильяр убактылуу аткарып жатканда шайланган. Вильяр болсо УЕФАны 2007-жылдан бери жетектеп келген даңазалуу франциялык футболчу Мишел Платининин ордуна келген. Мишел Платини коррупцияга шектелип, Спорт Арбитраждык соту аны артыкчылыктарды кабыл алуу менен ФИФАнын Этика кодексин бузду жана кызыкчылыктар кагылышына жол бергендиги үчүн айыптуу деп тапкан.

УЕФАны убактылуу жетектеген Анхель Мария Вильяр ФИФАнын вице-президенти кызматын да аткарып келген. Ал бул кызматынан 2017-жылы каражатты уурдоого шектелип камалганда алынган.

Ушул сыяктуу коррупциялык жаңжалдардын тушунда президенттикке келген Александер Чеферин УЕФАнын башкаруу органдарында бир катар реформаларды сунуштаган.

XS
SM
MD
LG