Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:06

Рябков: АКШ-Орусия ортосунда дагы бир ракеталык келишим узарбай калышы мүмкүн


Сергей Рябков.
Сергей Рябков.

Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков АКШ менен Орусия ортосунда 2011-жылы түзүлгөн өзөктүк дүрмөттүү куралдарды жок кылуучу СНВ-3 келишимин узартуу тууралуу сүйлөшүүлөр быйыл башталышы керектигин билдирди. Анын ТАСС агенттигине берген маегинде айтканына караганда, ошол кездеги президенттер Барак Обама менен Дмитрий Медведев кол койгон келишимдин мөөнөтү 2021-жылы аяктайт.

Орус дипломаты стратегиялык чабуулга жарачу куралдарды кыскартуу боюнча келишимди узартуу боюнча сүйлөшүүнү баштоого “Вашингтон али даяр эмес жана каалабайт” деди. Анын айтымында, кийинки жылы боло турган президенттик шайлоого байланыштуу АКШда сүйлөшүүнү жүргүзүүгө эч кимдин чолосу тийбей калышы мүмкүн.

“Ошондуктан биз муну быйыл жасашыбыз керек” деди Сергей Рябков.

Ак үй 2-февралда 1987-жылы АКШ менен Советтер Союзу орто жана кыска аралыктагы ракеталарды жок кылуу боюнча кол койгон келишимден чыккан. 2-февралда Орусиянын президенти Владимир Путин Москва да келишимден чыгарын белгилеп, алар жаңы үлгүдөгү куралды өнүктүрүүнүн үстүндө иштей турганын айткан.

АКШ президенти Дональд Трамп келишимден баш тартууну "Орусия өз милдеттерин аткарбай жатат" деген негиз менен түшүндүргөн. Москва "келишимдеги милдеттерин аткарбай жатат" деген сынды четке кагып келе жатат.

СССР менен АКШнын ортосунда 32 жыл мурда кол коюлган документ 500-5500 чакырымдык орто жана кыска аралыкка учуучу ракеталарды чыгарууга, колдонууга жана жайгаштырууга тыюу салган.

XS
SM
MD
LG