Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:03

Казакстанда мунайчылар нааразылыкка чыкты


KKS-SICIM компаниясынын нааразылыкка чыккан жумушчулары.
KKS-SICIM компаниясынын нааразылыкка чыккан жумушчулары.

7-февраль күнү эртең менен Батыш Казакстан облусунун Бөрүлү районундагы Аксай шаарында орун алган KKS-SICIM компаниясынын жүздөгөн жумушчулары нааразылыкка чыкты. Алар айлыктарына жана жумуш шартына нааразы экендиктерин айтышкан.

Компаниянын аткаруучу директору Алтын Кулбаева “Азаттыктын” казак кызматына жумушчулар акция өткөргөнүн ырастады. Анын сөзүнө караганда, үч саатка созулган нааразылык эки тарап орток пикир тапкандан кийин токтогон. Кулбаеванын маалымдашынча, жумушчулар 160-250 миң теңге айлык алат.

Ал эми мунайчылар компания айлыкты 50 пайызга чейин көтөрүүгө убада бергенден кийин тарап, жумушка чыгышканын билдирип жатышат.

KKS-SICIM – мунай жана газ тармагында иш алып барган компания.

Казакстанда мунайчылардын нааразылык акциялары кез-кез болуп келет. Алардын эң ириси 2011-жылы болгон.

2011-жылы май айында өлкөнүн түштүк-батышындагы Маңгыстау облусунда мунайчылар жапырт иш таштаган. Мамлекеттик “Казмунайгаз” ишканасынын аймактагы компанияларында иштегендер айлык акыны көтөрүп, эмгек шарттарын оңдоону талап кылышкан.

Бийлик оңдуу жооп бербегендиктен кеч күздө экономикалык талаптар саясий деңгээлге өсүп жетип, президент Нурсултан Назарбаевдин дарегине акаарат күчөгөн.

2011-жылдын 16-декабрында кагылыш болуп, расмий маалыматка караганда, коопсуздук күчтөрүнүн огунан 17 адам өлүп, жүздөн ашуун киши жарадар болгон.

XS
SM
MD
LG