Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Март, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 21:40

Орусияда автоунаада өлгөндөр кыргыз жарандары экени ырастала элек


Иллюстрациялык сүрөт.

"Орусиянын Магнитогорск шаарында өрттөлгөн унаадан табылган адамдар - кыргызстандык жарандар" деген маалымат териштирилип жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, Екатеринбург шаарындагы башкы консулдук Магнитогорск шаарынын ички иштер башкармалыгына атайын сурам жиберген. Азырынча орус укук коргоо органдарынан расмий тастыктоо келе элек. Ошондой эле өлгөн жарандардын кыргызстандык экени тууралу да маалымат келе элек.

Айрым маалымат каражаттары быйыл жыл жаңырган түнү Магнитогорск шаарынан өрттөнгөн унаадан үч кишинин өлүгү табылганын, алар кыргызстандыктар экени божомолдонуп жатканын жазып чыгышкан. Айрым маалыматтарга караганда, адамдар унаа өрттөлгөнгө чейин эле атылып өлтүрүлгөн.

XS
SM
MD
LG