Бирикменин "Төмөнтөн көз караш" деген долбоорунун алкагында өлкөнүн үч аймагында изилдөө иштери жүрөт. Өкмөттүк жана эл аралык гранттык каражаттар аймактардагы ар бир жамааттарга, жарандарга кантип жетип жатканы, алардын социалдык абалын жакшыртууга канчалык өбөлгө түзүп жатканы жөнүндө сурамжылоо жүргүзүлөт.
Эл аралык бирикменин Кыргызстандагы өнөктөшү болгон "Бир дүйнө - Кыргызстан" уюмунун маалыматы боюнча, долбоор март айында Жалал-Абад, Ош жана Ысык-Көл облустарында ишин баштайт.
Жалал-Абадда кен иштетүүдөн калган зыяндуу калдыктардын кесепеттерин жоюудагы аткарылган иштер, Ош шаарынын четиндеги лөлү калкы жашаган "Жаңы-Кыштак" айылынын социалдык абалын жакшыртуу, ал эми Ысык-Көлдө экологияны сактоого багытталган долбоорлорду ишке ашыруу боюнча иликтөөлөр жүргүзүлөт.
"Төмөнтөн көз караш" долбоорунун максаты - өкмөттүн, жарандык коомдун, кооптуу жагдайларга кабылган аймактардагы жергиликтүү бийликтин жана эл аралык уюмдардын өз ара кызматташтыгын бекемдеп, чогуу-чаран түрдүү кырсыктардын алдын алуу болуп саналат.(SA/ZKo)