Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Март, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:30

Өзгөндө "кызын зордуктады" деп шек саналган киши тергөө бүткүчө камалды


Иллюстрациялык сүрөт.

Ош облусунун Өзгөн районунда 14 жаштагы кызын зордуктаган деген шек менен кармалган 47 жаштагы жергиликтүү тургун тергөө бүткүчө, эки айга камакка алынды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаев билдирди.

Анын айтымында, шектүүнүн бөгөт чарасы боюнча чечимди Өзгөн райондук соту кабыл алды.

Кеп болуп жаткан киши 20-январда кармалган. Ал сурак учурунда өзүнүн кызын зордуктап жүргөнүн мойнуна алган. Баштапкы кабарларга ылайык, шектүү психикалык оору менен жабыркайт.

Окуучу кыздын апасы 2013-жылы оорудан улам көз жумган. Кыз атасынан алты айлык боюнда бар, учурда туугандарынын колунда кармалууда. Райондук администрациянын адистери анын мындан аркы тагдырын чечүүнүн жолун издеп жатышат.

Кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланууда. Кыздын кейиштүү тагдыры тууралуу алгач Оштогу "Ак жүрөк" кризистик борбору маалымдаган. (ErN)

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG