Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:52

Нидерландыда мурда мусулмандарга каршы чыккан саясатчы ислам динине өттү


Жарым ай мусулманчылыктын элементи катары колдонулат.
Жарым ай мусулманчылыктын элементи катары колдонулат.

Нидерландыда мурда мусулмандарга каршы маанайы менен белгилүү, ультраулутчул саясатчы Йорам ван Клаверен ислам динин кабыл алды.

"Euronews" телеканалы 5-февралда билдиргендей, ал 2010-2014-жылдары улутчулдардын "Азаттык партиясына" мүчө болгон. Ал саясатчы катары дайыма мусулмандарды жана ислам динин кескин сындап жүргөн. Ал бир канча жолу "Ислам - жалган дин", "Куран бул - уу" деп сүйлөгөн.

Маалыматтарга караганда, ал ислам дини тууралуу китеп жаза баштаган. Ал "китеп жазуунун жүрүшүндө өзүнө көп ачылыштарды жасаганын, көз карашы өзгөрүп, мусулман болууну чечкенин" билдирген. Журналисттерге комментарий берген учурда ал мурда көп нерседен кабарсыз экенин, орунсуз сын айтып жүргөнүн белгилеген.

Нидерландыда 2013-жылы да улутчул саясатчы Арно ван Доорн ислам динине өткөн эле.

Алар мүчө болгон "Азаттык партиясы" дээрлик бардык туура эмес иштерде ислам динине кине коюуну туура көрөт.

XS
SM
MD
LG