Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:09

Террордук аракеттерди уюштурууну көздөгөн чет элдик кармалды


Кармалган жаран. УКМКнын берген сүрөт.
Кармалган жаран. УКМКнын берген сүрөт.

Кыргызстандын аймагында террордук чабуул коюш үчүн жашыруун топторду уюштуруп жүргөн Борбор Азия өлкөлөрүнүн биринин жараны кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди.

Чек арадан мыйзамсыз өткөн жаран Жалал-Абадда колго түшкөн. Ал өз мекенинде оор кылмыштар үчүн издөөдө жүргөнү жана эл аралык террордук топтун мүчөсү экени такталды.

Кармалган жаран жарылуучу заттарды даярдоо боюнча атайын курстан өткөнү жана шаарда, тоодо автоматтык салгылашууга машыктырылганы аныкталды.

Учурда анын шериктерин тактоо жана кармоо аракеттери жүрүп жатат. Ошондой эле шектүүнү өз өлкөсүнө тиешелүү тартипте өткөрүп берүү боюнча өнөктөш өлкөлөрдүн компетенттүү органдары менен сүйлөшүү уланууда. (ErN)

XS
SM
MD
LG