Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:53

Казакстанда суукка байланыштуу мектептер жабылды


Казакстан.
Казакстан.

Катуу суукка байланыштуу Караганды, Павлодар, Көкчөтоо, Чыгыш-Казакстан жана Түндүк Казакстан облустарындагы мектептерде окуу убактылуу токтотулду. Астанада 8-февралда коллеждердин биринчи курсунда окугандарга да сабакка келбей коюуга уруксат берилди.

"Казакавтодор" мекемесинин маалыматына караганда, ызгаарга байланыштуу Павлодар облусундагы, Астанадан чыгуучу жолдор жабылды.

Чыгыш Казакстан, Түндүк Казакстан жана Акмоло облустарында коомдук жана дизел менен жүргөн транспорт токтотулду.

Казак бийлиги катуу суук болорун аптанын башында кабарлаган. Казгидромет кеминде 10 облуста -45 градуска чейин суук болорун эскерткен.

XS
SM
MD
LG