Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:41

Чыңгыз Анарбек уулунун жазасы кыскартылды


Чыңгыз Анарбек уулу сурак учурунда.
Чыңгыз Анарбек уулу сурак учурунда.

8-февралда Орусиянын Смоленск облустук соту кыргызстандык Чыңгыз Анарбек уулун мөөнөтүнөн мурда жазадан бошотуу жөнүндө чечим чыгарды. Бул тууралуу айыпкер өзү "Азаттыкка" билдирди.

Автокырсыкка байланыштуу 2018-жылдан октябрында Москвадагы Тверь соту Анарбек уулун 1,5 жылдык коомдук жумушка жана 500 миң рубль айыппул төлөөгө милдеттендирген. Ал ошондон кийин Смоленскидеги түзөтүү борборунда жашап, нан чыгаруучу заводдо иштеп жаткан.

- Бул жактын мыйзамы боюнча дагы он күн кармайт экен. Ошондуктан 19-февраль күнү саат сегизде толук чыгара турган болушту. Жетекчим "ошого чейин иштеп тур" дегенинен азыр иштемин, - деди Анарбек уулу.

2018-жылы 16-июнда Москвада такси айдаган кыргызстандык жаран автоунаасын башкара албай, жол четинде бараткан бир топ кишини сүздүрүп кеткен. Анда жети киши анча оор эмес жараат алган.

28 жаштагы Чыңгыз Анарбек уулу суракта адамдарды атайын сүздүрбөгөнүн, кокустан тормоздун ордуна газды басып алганын айткан. Ал ошондой эле ичкилик ичпегенин жана буга чейин жол эрежесин бузбаганын билдирип, жабыркагандардан ыйлап кечирим сураган. (LZT/ErN)

XS
SM
MD
LG