Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:46

Мурдагы саламаттык сактоо министри Батыралиевге иш козголду


Талантбек Батыралиев.
Талантбек Батыралиев.

Мурдагы саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиевге Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) жана 322-беренеси (“Билип туруп жасалма келишим түзүү”) боюнча жасалган кылмыштарга шектүү экендиги жөнүндө билдирме берилди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди.

Мекеме ырастагандай, Батыралиев 2014-2018-жылдар аралыгында аталган министрликти жетектеп туруп, өзүнүн кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шек саналууда.

Эсеп палатасы түзгөн актыга ылайык, ал 5-стадиядагы бөйрөк оорулары менен ооруган бейтаптарга гемодиализ ыкмасы менен медициналык жардам берүү боюнча кызмат көрсөтүүнү сатып алууда мамлекетке пайдасыз бир нече келишим түзгөн. Анын натыйжасында мамлекет 107 млн. сомдон ашык зыян тарткан.

Факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталды.

Министрликти төрт жыл башкарган Талантбек Батыралиев былтыр жаңы өкмөт шайланган учурда кызматтан кеткен. (ErN)

XS
SM
MD
LG