Мурдагы ички иштер министри Мелис Турганбаев Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын (ЖАМК) төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн аппараты билдирди.
Турганбаев 2014-жылдан 2016-жылга чейин ички иштер министри болуп иштеген. Ал иштен өзү арыз жазып кеткенин айтып, кызматтан алынышында эч кандай саясат жок экенин белгилеген эле.
ЖАМКтын буга чейинки төрагасы Таалайбек Жапаров башка ишке которулганы кабарланды. Ал кайсы кызмат экени так айтылган жок.
2016-жылы Мелис Турганбаевдин ордуна ички иштер министри болуп Кашкар Жунушалиев дайындалган. (ErN)