Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:54

Бишкек шаардык соту активист Аманбол Бабакуловго айыппул салды


Аманбол Бабакулов митинг учурунда. (Ортодо, микрофон кармап турат). 17-январь, 2019-жыл.
Аманбол Бабакулов митинг учурунда. (Ортодо, микрофон кармап турат). 17-январь, 2019-жыл.

Бишкек шаардык соту активист Аманбол Бабакуловго айыппул салуу боюнча Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Бабакулов өзү кабарлады.

Сот анын чечими боюнча жогорку инстанцияга кайрылышына да бөгөт койду. Бабакулов бул чечим менен макул эмес экенин, бирок айыпты аргасыз төлөй турганын айтты.

Аманкул Бабакулов 17-январда Бишкек шаарында Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн кытайлык жарандарды өлкөдөн кетирүү талабы менен өткөн митинг учурунда кармалган. Бир сыйра сурактан кийин кайра бошотулган. Милиция ага Тартип бузуу жөнүндө кодекстин 91-беренеси ("Тынчтык чогулуштарын өткөрүүнүн тартибин бузуу") боюнча айып таккан.

17-январда өткөн митингде жалпысынан 21 адам кармалган, алардын баарына 3 миң сомдон айыппул салынган. Акциянын катышуучуларынын бири эки айга камакка алынган. Алардын ичинде Бабакулов Бишкек шаардык сотуна даттанган болчу. (ErN)

XS
SM
MD
LG