Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:49

Казакстанда ондогон аялдар социалдык талаптарды коюшту


Алматыдагы нааразылык акциясына келген апалар. 8-февраль, 2019-жыл.
Алматыдагы нааразылык акциясына келген апалар. 8-февраль, 2019-жыл.

8-январда Актөбө, Алматы жана Кызылордо шаарларында ондогон адамдар социалдык маселелерин чечүүнү бийликтен талап кылышты.

- "Ар бир балага айына 20 миң теңгеден жөлөкпул төлөнсүн. Башталгыч класста окуган балдар акысыз тамак жана коомдук транспорт менен камсыз болсун. Үч жана андан көп баласы барларга башпаанек берилсин. Кирешеси аз үй-бүлөлөрдүн алган насыялары кечирилсин. Эмгек жана социалдык коргоо министри Мадина Абылкасымова кызматтан кетсин" деген талаптарды койдук, - деди Актөбөнүн мэриясындагы жыйындан чыккан шаар тургуну Лаззат Жумагалиева.

Жыйынга катышкан дагы бир көп балалуу эне Жанымкүл Бижанова "арыздар жана өтүнүчтөр боюнча он күндөн кийин жооп кайтарылат" деген жооп алышканын билдирди.

Кызылордо менен Алматыдагы энелерди да мэрия өкүлдөрү кабыл алып, эки жума ичинде тийиштүү жооп кайтарууга убада беришкен.

4-февралга караган түнү Астананын Көктал-1 конушундагы үйдү өрт чалып, 2006, 2008, 2013, 2015 жана 2018-жылдары туулган бир тууган кыздардын өмүрүн алган. Өрт чыккан учурда кыздардын ата-энелери түнкү нөөмөттө жумушта болушкан.

Ошондон бери балалуу аялдар социалдык маселелерди ачык айтып көчөгө чыгып, бийликке талап коюп келатышат.

XS
SM
MD
LG