Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:01

Иванка Трамп дүйнөдөгү аялдарга жардам берет


Иванка Трамп
Иванка Трамп

Ак үй бейшембиде Аялдарды өнүктүрүү үчүн глобалдык демилге башталганын билдирди. Бул долбоорду Кошмо Штаттардын президентинин кызы жана кеңешчиси Иванка Трамп жетектейт.

Максаты буга чейинки программаларды координациялоо жана жаңы демилгелерди ишке салып, өнүгүп келаткан өлкөлөрдөгү аялдарга жумуш табуу, каржылык гранттарды берүү жана укуктук реформаларды жүргүзүүдө көмөктөшүү.

- 2025-жылга чейин ушул демилгенин алкагында 50 миллион, балким андан көп аялга кол сунсак деп турабыз. - деди президент Дональд Трамп тийиштүү буйрукка кол коердун алдында. Ал кызынын демилгесин "тарыхый кадам" деп баалады.

Демилгени жеке ишкерлердин эсебинен каржылоо пландалууда. Адегенде АКШ мамлекеттик Эл аралык өнүгүү агенттиги (USAID) 50 млн. долларлык уставдык капиталы менен фонд түздү.

XS
SM
MD
LG