Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:01

Греция Түндүк Македониянын НАТОго кирүүсүн шарттаган протоколду ратификациялады


Грециянын НАТОдогу элчиси Спирос Ламбридис (сол тарапта) жана Түндүк Македониянын тышкы иштер министри Никола Димитров келишимге кол койгон соң кол алышууда. Брюссель, 6-февраль, 2019-жыл.
Грециянын НАТОдогу элчиси Спирос Ламбридис (сол тарапта) жана Түндүк Македониянын тышкы иштер министри Никола Димитров келишимге кол койгон соң кол алышууда. Брюссель, 6-февраль, 2019-жыл.

8-февраль күнү кечинде Грециянын парламенти Түндүк Македонияны НАТОнун катарына кошуу тууралуу протоколун колдоду. Ошентип эки өлкө ортосундагы узакка созулган келишпестикке чекит коюлду.

Мындай чарага грек парламентинин 153 депутаты добуш берип, 140 депутат каршы болду. Эми протоколду альянстын башка да мүчөлөрү колдошу керек.

Өткөн жылы Афины өзүнүн коңшусу менен анын аталышы тууралуу бир чечимге жетише алган. Македонияны Түндүк Македония деп атоо тууралуу чечим эки өлкөнүн парламентинен тең колдоо тапкан.

6-февралда Түндүк Македониянын тышкы иштер министри Никола Дмитров НАТОго кирүү тууралуу келишимге кол койгон. НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг бул келишим Македонияны НАТОнун 30-мүчөсү кылып кабыл алуудагы маанилүү документ экенин өткөн аптада айткан.

XS
SM
MD
LG