Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 09:13

Дональд Трамп Ким Чен Ын менен Ханойдо жолугат


АКШнын президенти Дональд Трамп

АКШнын президенти Дональд Трамп Түндүк Корея Ким Чен Ындын башкаруусу маалында "ири экономикалык локомотивге" айланарына ишенерин билдирди. Трамп Ким Чен Ын менен Вьетнамдын борбору Ханойдо 27-28-февралда жолугарын дагы бир жолу ырастады.

АКШнын Мамлекеттик департаменти 8-февралда тараткан билдирүүдө АКШнын Түндүк Кореядагы атайын өкүлү Ханойдо өтө турган саммит боюнча үч күндүк сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнү айтылат. Стивен Бигун жана анын кореялык кесиптеши Ким Хёк Чхоль өткөн жылдын июнь айында Сингапурда жетишилген макулдашуулардын аткарылышы тууралуу кеп курушту. Анда эки лидер тең Түндүк Кореянын өзөктүк куралдан толук арылуусун жана Корей жарым аралында тынчтык орнотууну талкуулашкан.

"Рейтерс" маалымат агенттиги кабарлагандай, эки өлкөнүн башчыларынын жолугушуусу жакынкы мезгилге пландалганы менен алар ушул күнгө чейин өзөктүк программа тууралуу мунапыска жетише элек. (KR)

XS
SM
MD
LG