Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:31

Активист Темирлан Ормуковдун кылмыш иши токтотулду


Активист Темирлан Ормуков
Активист Темирлан Ормуков

Азиз активист Темирлан Ормуковдун кылмыш иши токтотулду. Бул тууралуу ал "Фейсбуктагы" баракчасына жазып, ага колдоо көрсөткөн адамдарга ыраазычылыгын билдирген. Маалыматка ылайык, 7-февралда Октябрь райондук соту ага карата кылмыш ишин доогер Дастан Бекешев арызын артка кайтарып алгандыгына байланыштуу токтоткон.

Ормуков өзү соттун ишти токтотконуна нааразы. Анын айтымында иш кыскарганы менен, ал реабилитацияланбай калды.

- Бул жерде туура эмес чечим болуп калды. Себеби мен кылмыш жообуна тартылган адам бойдон эле калдым да. Реабилитация болгон жерим жок. Күнөө кылып, бирок мага ырайым берилгендей болуп калдым. Мен мунун менен макул эмесмин. Жаңы кодекстер боюнча мен толук акталып чыкмакмын. Менин күнөөм далилденген да эмес. Мен толук акталып чыкканда, мага иш козгогон тергөөчү, прокурор, ишти мурда караган судьялар жоопко тартылат эле.

Темирлан Ормуковдун айтымында соттор мындай кадамга өздөрүнүн жоопкерчилигинен кутулуу үчүн гана барган.

Башкы көзөмөл органы “Темирлан Ормуковдун арызы убагында каралбай, ал 12 күн камакта мыйзамсыз кармалган” деп билдирген. Анын ишин Арзыбек Акыев, Качыке Эсенканов жана Каныбек Бокоев кирген соттук коллегия караган.

Кийинчерээк Жогорку сот Ормуковдун арызын бөлүштүрүүдө ката кеткенин моюнга алып, аны аппаратына шылтаган. Анда Жогорку соттун судьяларынын бири Арзыбек Акыевге сөгүш берилген.

Темирлан Ормуков мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди сындаган ырына байланышуу айыпталган. Ага каршы арызды Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев жазган. Бишкектин Октябрь райондук соту Ормуковду "соттук отурумдарга келбей жатат" деген жүйө менен бир айга №1 тергөө абагына камоо тууралуу чечим чыгарган.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери 5-апрелде аны ооруканада жаткан жеринен колуна кишен салып алып кетип, №1 тергөө абагына камаган. Ал былтыр 11-майда кайра абактан бошотулган. (KR)

XS
SM
MD
LG