Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:44

Астанада төрт бала иске ууланып, ооруканага жаткырылды


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

9-февраль күнү кечинде Астанадагы эки кабаттуу жатаканада өрт чыгып, бир эле үй-бүлөнүн 2006, 2009, 2012 жана 2013-жылы туулган балдары иске ууланды. Бул тууралуу Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Жатакананын бөлмөлөрүнүн биринде өрт чыгып, кийим-кече жана эмеректер өрттөнүп кеткен. Өрт өчүрүү кызматынын куткаруучулары 10 кишини жана бир баланы өрттөн алып чыккан.

Бир үй-бүлөдөн ууланган төрт бала ооруканага жаткырылды.

4-февралга караган түнү Астананын Көктал-1 конушундагы үйдү өрт чалып, 2006, 2008, 2013, 2015 жана 2018-жылдары туулган бир тууган кыздардын өмүрүн алган. Өрт чыккан учурда кыздардын ата-энелери түнкү нөөмөттө жумушта болушкан.

Ошондон бери Казакстандагы балалуу аялдар ар кайсы шаарларында чогулуп, социалдык маселелерди көтөрүп чыгып, бийликке талап коюп келатышат. (KR)

XS
SM
MD
LG