Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:19

Сирия демократиялык күчтөрү ИМге каршы “акыркы кармашты” баштады


Сирия Демократиялык күчтөрүнүн согушкерлери Евфрат дарыясынын жээгинде. 2017-жылкы сүрөт.
Сирия Демократиялык күчтөрүнүн согушкерлери Евфрат дарыясынын жээгинде. 2017-жылкы сүрөт.

Америка Кошмо Штаттары колдогон Сирия демократиялык күчтөрү ишемби күнү “Ислам мамлекети” террордук тобунун Сириядагы акыркы көзөмөлдөп жаткан аймагына чабуулун баштады. Анда негизги орунду ойногон күрт кошуундары бул чабуулду жихадчыларга каршы Сириянын аймагындагы “акыркы кармаш” деп аташууда. Курт кошуундарына жети жылдан бери "Ислам мамлекети" террордук тобуна каршы аскерий операция жүргүзүп келе жаткан АКШ баштаган коалиция асмандан колдоо көрсөтүп жатат.

Сирия демократиялык күчтөрү бул кагылыштарды "оор кармаш" деп атап, аймакты "эң тажрыбайлуу" согушкерлер коргоп жатканын билдирүүдө.

"Ислам мамлекети" террордук тобу азыр Сириянын Евфрат өзөнүнүн боюндагы беш чарчы километр жердеги бир канча айыл-кыштакты ээлеп турушат. Акыркы күндөрү ал жерлерден 20 миңдей карапайым адам көчүп кетти.

Эки жыл мурда жихадчылар Сириянын бардык түштүк-чыгышын көзөмөлдөп турушкан.

АКШ президенти Дональд Трамп кийинки аптада Сириядагы “Ислам мамлекети” террордук тобу көзөмөлдөп келген аймактар 100 пайыз бошотулганы расмий жарыялана турганын маалымдаган.

Дональд Трамптын ага чейин жарыялаган, Сириядан АКШнын аскерлерин алып кетүү чечимин Конгресстеги демократтар менен республикачылар сындаган. Алар "Ислам мамлекети" тобу кайра күчөйт деген кооптонууларын билдиришкен.

Апта башында АКШнын Борбордук командачылыгынын башчысы, генерал Жозеф Вотел да Сенаттагы угууда америкалык аскерлер Сириядан кеткенден кийин согушкер топ кайра баш көтөрүшү мүмкүн экенин эскерткен.

XS
SM
MD
LG