Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:44

“Коопсуз шаар” долбоорунун бет ачары болот


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн, 11-февралда жолдогу кырсыктарды азайтууга жана коррупцияны тыюуга багытталган “Коопсуз шаар” долбоорунун бет ачары болот.

Анда долбоордун алкагында Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын мониторинг борбору, анын ичинде аппараттык-программалык комплекс жол кыймыл эрежелерин бузууну кантип аныктай турганы коомчулукка көргөзүлөт.

Буга чейин айтылгандай, борбор эрежелерди бузуу тууралуу материалдарды иштеп чыгуу менен алектенет. Андан соң тийиштүү кагаздар "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасы аркылуу автоунаа каражаттарынын ээлеринин катталган дарегине жеткирилет.

Долбоор толугу менен 12-февралдан тартып расмий иштей баштайт.

Камералар жол коопсуздугундагы эреже бузуунун жети түрүн аныктайт.

1. Светофордун тийиштүү белгисине баш ийбөө;

2. Карама-каршы тилкеге чыгуу;

3. Жол четинде, тротуарда, веложолдо, көк шиберде жана жөө жүргүнчүлөр өтчү тилкеде автоунаа айдоо;

4. Светофордун токтотуучу белгисине карабай жолдон өтүү;

5. Жөө жүргүнчүлөр өтчү тилкедеги эрежелерди бузуу;

6. Ылдамдыкты чектен ашыруу.

7. Автоунаа токтотуучу жерлердеги, аялдамалардагы талаптарды бузуу.

Камералар Жибек Жолу — Жаш Гвардия, Чүй — Фучик, Чүй — Бейшеналиев (Ош базарынын аймагы), Жибек-Жолу — Фучик, Чүй — Жаш Гвардия, Бөкөнбаев — Абдрахманов, Жибек-Жолу — Абдрахманов, Чүй — Курманжан Датка, Москва — Абдрахманов, Горький — 7-Апрель көчөлөрүнүн кесилишине орнотулган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG