Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:50

Америкалыктарга "Түркмөн аба жолдорунун" учактары менен учууга тыюу салынды


Түркмөнстандын учагы.
Түркмөнстандын учагы.

АКШнын Түркмөнстандагы элчилиги америкалык дипломатиялык миссиянын кызматкерлерине "Түркмөн аба жолдору" авиакомпаниясынын учактары менен саякаттоого тыюу салынганын билдирди.

"Европанын авиациялык коопсуздук агенттиги (EASA) "Түркмөн аба жолдору" эл аралык коопсуздук стандарттарына жооп берерин ырастаганга чейин анын учактарына Европа Биримдигинин аймагында учууга тыюу салды. Буга байланыштуу америкалык элчиликтин кызматкерлери аталган авиакомпаниянын учактары менен уча алышпайт", - деп айтылат элчиликтин билдирүүсүндө.

Авиакомпаниянын эл аралык жана жергиликтүү каттамдарына тиешелүү болгон бул тыюу EASA "Түркмөн аба жолдоруна" карата киргизген чектөөлөрдү алгандан кийин кайрадан каралат.

Өткөн жумада Европанын авиациялык коопсуздук агенттиги "Түркмөнстан аба жолдорун" "кара тизмеге" киргизип, авиакомпаниянын учактарынын Евробиримдик өлкөлөрүнө, ошондой эле Европа Биримдигинин аба мейкиндигинен учуп өтүшүнө тыюу салганы белгилүү болгон.

Анда түркмөн тарап "кара тизмеден" чыгыш үчүн эл аралык коопсуздук стандарттарын сактаганын ырастап бериши керек экендиги айтылган.

XS
SM
MD
LG