Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:21

Жол кыймылынын эрежесин бузгандарга билдирүү да келет


Бишкектин көчөсүнө орнотулган көзөмөл камерасы.
Бишкектин көчөсүнө орнотулган көзөмөл камерасы.

Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөгөн камераларга же ылдамдыкты ашырганы үчүн каттоого алынган автоунаалардын номуру "Инфокомго" жөнөтүлөт. Андан кийин Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалык айыптын өлчөмүн аныктап, үч күндүн ичинде "Кыргыз почтасы" аркылуу айдоочуга жиберет. Маалымат технологиялары жана байланыш комитетинин жетекчисинин орун басары Кубаныч Шатемировдун журналисттерге билдиргени боюнча, учурда айыппул тууралуу билдирүүнү автоунаанын ээсинин телефон номерине да жиберүү боюнча тиркеме иштелип чыгууда. Жол эрежесин бузган айдоочу айыпты 1 айдын ичинде төлөөгө милдеттүү. Аны накталай гана эмес, банк карточкасы аркылуу да төлөөгө болот.

Жол эрежесин бузган айдоочулар өздөрүнө салынган айыппулдун өлчөмү менен алдын-ала кыргыз өкмөтүнө караштуу uslugi.gov.kg сайтынан да тааныша алышат. Аталган сайтта "Жол кыймылынын эрежелерин бузганы үчүн айыппулду текшерүү" деген баракчага кирип, өзүнүн идентификациялык маалыматы менен автоунаасынын мамлекеттик номурун жазса, жол эрежесин кайсы жерден, качан, кантип бузганы, ал үчүн канча сом айыппул төлөй турганы тууралуу маалыматтар чыгат.

12-февралдан тартып "Коопсуз шаар" долбоорунун биринчи фазасы тест режиминде иштей баштайт. Анын алкагында Бишкектеги 10 кесилишке камера орнотулуп, 17 стационардык, 20 көчмө программалык аппарат комлекстери коюлат. Андан тышкары, жол белгилерин жаңылоо иштери жүрөт.

Долбоор төрт этапка бөлүнүп, тийиштүү жабдуулар Бишкекте жана Чүй облусунда орнотулат. Аны Орусиянын "Вега" концерни ишке ашырат. Камералар жол коопсуздугундагы эреже бузуунун жети түрүн аныктайт:

1. Светофордун тийиштүү белгисине баш ийбөө;

2. Карама-каршы тилкеге чыгуу;

3. Жол четинде, тротуарда, веложолдо, көк шиберде жана жөө жүргүнчүлөр өтчү тилкеде автоунаа айдоо;

4. Светофордун токтотуучу белгисине карабай өтүү;

5. Жөө жүргүнчүлөр өтчү тилкедеги эрежелерди бузуу;

6. Ылдамдыкты чектен ашыруу.

7. Автоунаа токтотуучу жерлердеги, аялдамалардагы талаптарды бузуу. (BTo/ZKo)

XS
SM
MD
LG