Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:55

«Замандаш» мигранттарды милдеттүү камсыздандырууга каршы чыкты


Бул тууралуу Кыргызстандыктардын эл аралык конгресси жана мекендештердин "Замандаш” ассоциациясы 11-февралда тараткан билдирүүдө айтылат. Анда өлкөдөн чыгып кетип жаткан кыргызстандыктардын өмүрүн милдеттүү түрдө 300 сомго камсыздандыруу полисин киргизүү демилгеси туура эмес деп бааланган. Ассоциациянын маалыматы боюнча, кыргызстандык жарандар чет мамлекетте каза болсо алардын жакындарына жардам берилет деген ишенич жок.

"Замандаш" ассоциациясынын төрагасы Абдирасул Айдаровдун "Азаттыкка" билдиргени боюнча, милдеттүү түрдө камсыздандыруу мигранттар тарта турган кезектеги финансылык оорчулук болуп жатат.

- Биздин жарандар сыртка иштегени жыргаганынан кетип жаткан жери жок, - деди ал. - Ошондуктан, аларды дагы кыйноонун кереги жок. Ал эми "камсыздандырууга 300 сом төлөбөсөң сыртка чыга албайсың" деген тартип жарандарга өлкөдөн эркин чыгууга кепилдик берген Конституциябызга каршы келет.

"Замандаш" ассоциациясы мамлекет андан көрө мигранттын үй-бүлөсү жоготууга кабылган учурда аларга мамлекеттик жардам берүүнүн ыкчам жана жөнөкөй жолуна өтүүгө, компенсациянын суммасын көбөйтүүгө тийиш деп эсептейт.

Айрым саясий партиялар чет өлкөлөрдө набыт болгон кыргызстандык жарандар көбөйүп жатканына байланыштуу чет жакка чыгып жаткан мигранттар милдеттүү түрдө өмүрүн камсыздандырууга тийиш деп демилге көтөрүшкөн. Демилгечилер ар бир мигранттын өмүрүн камсыздандырууга төлөнүүчү 300 сом чет жакта набыт болгон мигранттарга төлөнүүчү кенемтеге жумшалуучу каражатка кошумча болот деп негиздешет.

"Замандаш" ассоциациясы чет өлкөлөрдөгү кыргызстандыктардын укуктарын коргоо максатында 2003-жылы түзүлгөн. Ассоциациянын демилгеси менен 2008-жылдан тартып чет жакта каза болгон мигранттын сөөгүн мекенине жеткириш үчүн мамлекет кенемте төлөп келе жатат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG