Бул тууралуу 11-февралда тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков президент Сооронбай Жээнбековго маалымдап, ага карата көрүлүп жаткан даярдык тууралуу баяндады.
Мындан тышкары ал июнь айында өтөрү белгиленип жаткан ШКУнун саммитине даярдык жөнүндө да отчет берди. Президенттик аппарат "Азаттыкка" маалымдагандай, президент менен министр өлкөнүн тышкы саясатына байланыштуу бир катар маселелерди талкуулашты.
Быйыл мартта Орусиянын президенти Владимир Путин менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келери кабарланган. Мындан тышкары, Индиянын премьер-министри Нарендра Моди да Кыргызстанга расмий сапар менен келет.