Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:08

АКШнын элчилиги кытайлык казактын тагдырына кооптонуусун билдирди


Галымбек Шагымандын паспорту.
Галымбек Шагымандын паспорту.

Бээжиндеги АКШ элчилигинин өкүлү дүйшөмбүдө "Associated Press" агенттигине билдиргендй, элчилик Галымбек Шагымандын ишине байланыштуу Улуттар Уюмунун Качкындар комиссариаты жана башка "тиешелүү өкмөттөр” менен менен тыгыз байланышта болуп турат. Элчиликтин өкүлү "Associated Press" агенттигине “биз үчүнчү өлкөгө БУУнун Качкындар комиссариатынын жана башка эл аралык уюмдардын кызматкерлеринин бул адамга жолугуусуна мүмкүнчүлүк берүүгө үндөйбүз. Алар анын башкалка сураган арызын талкуулап, көмөк көрсөтүшөт” – деп айтты.

Ушул тапта Шагымандын кайда экени так белгисиз. Качкындар комиссариатынын Таиланддагы өкүлчүлүгү иштин купуялуулугуна байланыштуу журналисттерге маалымат берген жок.

Буга чейин Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий сайтында жарыяланган маалыматка ылайык, кытайлык казак Галымбек Шагыман 7-8-февралда Ташкент эл аралык аэропортунун транзиттик зонасында отургандан кийин 9-февралда Банкокко учуп кеткен.

Галымбек Шагыман өткөн аптада Ташкент аэропортунан Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге жана эл аралык коомчулукка Интернет аркылуу видео кайрылуу жолдоп, аны Кытайга кайтарбоону суранган. Ал жакта өлүм жазасына тартылышы мүмкүн экенин айткан.

Расмий Ташкент Шагыманды экстрадициялоо тууралуу Бээжинден өтүнүч келгенин ырастай элек.

XS
SM
MD
LG