Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:07

Түркияда тик учак кулап, төрт киши каза болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Түркияда аскердик тик учак кулап, борттогу төрт аскер каза болду. Тик учак авариялык режимде конгон.

UH-1 үлгүсүндөгү тик учак 11-февралда Стамбулдун Чекмикой районундагы көп кабаттуу үйлөр жайгашкан аймагына кулаганын шаардын губернатору Али Ерликая "Twitter" баракчасына жазды.

Тургундардын арасынан жабыркагандар жок. Стамбулдун прокуратурасы кырсыктын себептери азырынча белгисиз экенин, иликтөө иштери башталганын кабарлады.

XS
SM
MD
LG