Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:53

Бурулайдын соту: шаардык сот Бөдөшевдин апелляциялык арызын карайт


Айыпталуучулар Марс Бөдөшев жана Акмат Сейитов.
Айыпталуучулар Марс Бөдөшев жана Акмат Сейитов.

Бишкек шаардык соту Бурулай Турдаалы кызынын өлүмү үчүн айыпталган Марс Бөдөшевдин апелляциялык арызын карайт.

Айыпталуучунун апасы Гүлипа Бөдөшеванын “Азаттыкка” айтканы боюнча, соттук териштирүүдө күбө катары Бурулайдын бирге окуган курбу кызы суралышы күтүлүүдө. 12-декабрда Свердлов райондук соту Бурулай Турдаалы кызынын өлүмүнө Марс Бөдөшевди айыптуу деп таап, 20 жылга күчөтүлгөн режимде камакка алуу жөнүндө чечим чыгарган.

Анын досу Акмат Сейитов "Ала качуу" беренеси менен жети жылга эркинен ажыратылган. Айыпталуучулар сот чечимине нааразылык билдирип, Бишкек шаардык сотуна кайрылышкан.

Бурулай Турдаалы кызы былтыр 27-майда Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө өлтүрүлгөн. Чүй облустук ички иштер башкармалыгы аны ала качып бараткан жигит кармалгандан кийин милиция бөлүмүндө кызды бычактап, өзүнө да кол салганын билдирген.

Ал эми Чүйдүн Аламүдүн райондук сотунда каралып жаткан Бурулай Турдаалы кызынын өлүмү боюнча 11-февралга белгиленген процесс күбөлөрдүн келбей калганына байланыштуу 15-февралга жылдырылды. Сотто Бурулайдын өлүмү боюнча Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринин иши каралып жаткан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG