Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:32

Жасалма жол менен товар чыгаргандарды текшерүү сунушталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Белгилүү дүйнөлүк брендди пайдаланып, жасалма товарларды чыгаргандарды катуу текшериш керек. Бул маселени Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы спикер Чыныбай Турсунбеков аларга келген видеоматериалдарды көргөн соң көтөрүп чыкты. Эл өкүлү Кыргызстандын аймагында антисанитардык шартта, бир эле жерде шампунь жана көк чай даярдалып жатканын белгиледи:

- Мамэкотехинспекция, башка кызматтар иштеш керек. Инвестиция жөнүндө айтып жатабыз. Инвестиция аткезчилик же контрафакт түрүндө болбошу керек. Ал расмий жана Кыргызстандын экономикасына салым кошуп, салык төлөп, жарандар мыйзамдуу иштеп, эртең пенсия алгыдай болушу зарыл. Мындай цехтер мыйзамдуу иштегендерге да, жалпы Кыргызстанга да тоскоол болууда. Бул чоң маселе.

Буга чейин Ош шаарында мыйзамсыз түрдө жасалма шампунь чыгарып жаткан кытайлык ишкер колго түшүп, сурак берген.

Ал заманбап жабдууларды алып келип, эч кандай уруксат кагазы жок эле миңдеген идиште жасалма шампунду базарга чыгарганы белгилүү болгон. Кол алдында он чакты кыргызстандык иштеп жатканы айтылган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG