Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:27

Кытайлыктардын Кыргызстанга мыйзамсыз киргендери жок


Мыйзамсыз миграцияга каршы Бишкекте өткөн митинг. 7-январь, 2019-жыл.
Мыйзамсыз миграцияга каршы Бишкекте өткөн митинг. 7-январь, 2019-жыл.

Бул тууралуу Миграция кызматынын сырткы миграция жана диаспоралар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Улан Шамшиев басма сөз жыйынында билдирди. Анын айтымында, Кытайдын жарандары Кыргызстанга виза аркылуу гана кире алат, чек арадан мыйзамсыз өтчү жолдор жок. Шамшиев кыргыз-кытай чек арасы эки тараптан тең тыгыз делимитацияланганын жана демаркацияланганын айтып, чек арадан мыйзамсыз өтүү эч мүмкүн эмес экенин билдирди.

Бишкектин Ала-Тоо аянтында 17-январда активисттер Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн кытайлык жарандарды өлкөдөн кетирүүнү талап кылып митинг өткөрүшкөн. Ушундай эле митинг 7-январда болгон.

Кийинчерээк тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Кыргызстандагы кытайлык мыйзамсыз мигранттарга каршы маанай Бишкек менен Бээжиндин алакасына залака тийгизе албай тургандыгын билдирген.

Расмий маалыматтар боюнча 2010-жылдан бери Кыргызстандын жарандыгын алган 352 кытайлыктардын 171и кыргыз, 72си уйгур, тогузу өзбек жана алтоо кытай улутундагылар болгон.

2010-жылдан бери чет өлкөлүк жарандар менен никеге турган кыргызстандыктардын саны 17 миң 669 болсо, анын ичинен 60 адам кытай жарандары менен баш кошкон. (ZKo)

XS
SM
MD
LG