Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:41

Таласта бир күндө эки тургун асынып алды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Маалыматты облустук ички иштер башкармалыгы ырастады. Белгилүү болгондой, алардын бири Бакай-Ата районунун 14 жаштагы тургуну болгон. Өз өмүрүнө кол салган сегизинчи класстын окуучусунун чөнтөгүнөн “Мени кечиргиле, тажадым” деген жазуу табылган.

Ал эми экинчиси Талас районунда 1992-жылы туулган. Анын жакындары маркум жакынкы арада үй-бүлө курууну пландап жатканы айтышууда.

Милиция эки суициддин себеби аныкталып жатканын билдирди.

Январь айынын аягында эле Таласта 19 жаштагы жигит өз өмүрүн кыйган. (AlS)

XS
SM
MD
LG