Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:22

Экс-милиционер мас абалында жол кырсыгына себепкер болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

10-февраль күнү Бишкектеги Гоголь жана Чүй көчөлөрүнүн кесилишинде «Лексус» автоунаасы «Дэу Нексия» жана «Тойта Марк 2» автоунаалары менен кагышкан. Натыйжада «Лексустун» айдоочусу мас экени жана милиция кызматкери экени аныкталган. Ал наркологиялык текшерүүдөн өтүүдөн баш тарткандыктан, атайын милициянын наряды чакырылып, Октябрь РИИБине жеткирилген. Калган автоунаалардын айдоочулары текшерүүдө соо экени аныкталган. Кырсыктаган үч автоунаа тең Жол кыймыл коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын (ЖКККБ) атайын айып жайына токтотулду. Иликтөө иштери жүрүп жатат.

Бул маалымат боюнча ИИМдин басма сөз кызматы түшүндүрмө берип, мас абалында жол кырсыгынын себепкери болгон Айбек Сыдыков мурунку жоругу үчүн козголгон кылмыш ишинин негизинде, тергөө жүрүп жаткан мөөнөткө кызматынан четтетилгенин маалымдады. Министрликтин маалыматы боюнча, Айбек Сыдыков 2017-жылы 5-октябрда “Ретро метро” эс алуу жайында ызы-чуу салганы үчүн айыпталып, "Уурулук", "Курал колдонуу менен коштолгон ээнбаштык" жана "Кызмат абалынан ашыра пайдалануу" беренелери боюнча айыпталган жана кызматынан толук бошотулган.

2018-жылы 22-октябрда Биринчи май райондук соту аны Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси ("Ээнбаштык") менен айыптуу деп таап, үч жылга шарттуу кескен. Сыдыковдун адвокаты сот чечимине каршы арыз менен Бишкек шаардык сотуна кайрылган. Шаардык сот азырынча бул ишти карай элек. (ZKo)

XS
SM
MD
LG