Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:59

ЖМК: Стамбулда сойкулуктан куткарылган кыздардын ичинде кыргызстандыктар бар


Сүрөттүн жаңылыкка тиешеси жок.
Сүрөттүн жаңылыкка тиешеси жок.

Бул тууралуу 12-февралда "Demirören" маалымат агенттиги кабарлады. Анда Стамбул шаардык ички иштер бөлүмү 35 чет өлкөлүк аялды сойкулуктан куткарганы жана алардын дээрлик баары Кыргызстандын жана Өзбекстандын жарандары экени жазылган.

Полиция кыз-келиндерди социалдык медиадан алдап чакырып, сойкулукка мажбурлаган 50 шектүүнү да камакка алган.
Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулдугу "Азаттыкка" бул окуя боюнча тактоо иштерин жүргүзүп жатканын маалымдады.

Жыл башында Анталиянын полициясы кыргызстандык келинди сойкулуктан куткарган эле. Зомбулукка кабылган 37 жаштагы Ф.К. Манавгат аймагындагы жандармерияга өзү кайрылган.

Маалыматка ылайык, Ф.К. аттуу келин Анталияга 2018-жылдын 10-августунда мекендештеринин чакыруусу менен барган. Аны беш ай бою ур-токмокко алып, сойкулук кылууга мажбурлашкан.

Түркиянын Миграция департаментинин маалыматы боюнча 2005-2017 жылдары Түркияда 1,222 чет өлкөлүк жаран кулчулуктан куткарылган. (ElB)

XS
SM
MD
LG