Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:22

Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров эркиндикке чыкты (сүрөт)


Бектур Асанов.
Бектур Асанов.

Абактагы саясатчылар Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыровдун эркиндикке чыкканы тартылган сүрөттөрдү алардын жакындары жарыялашты. "Бийликти басып алууга аракеттенген" деп соттолгон Кадыров менен Асанов шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгарыларын Жогорку сот 12-февралда билдирген. Ишти кароону адвокаттары суранышкан эле.

Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Эрнест Карыбеков 2016-жылы март айында "бийликти басып алууга аракеттенген” деген айып менен кармалган. Иш райондук, шаардык соттордо каралып, 12-20 жылга чейин камалышкан. Жогорку сот алардын ишин 2017-жылы 7-июнда карап, күнөөлүү деп тапкан, бирок жаза мөөнөтү кыскартылган. Асанов менен Кадыров сегиз жылга, Карыбеков 14 жылга кесилген. Карыбековдун эркиндикке чыгар-чыкпасы тууралуу азырынча маалымат айтыла элек.

Аларга байланышы бар деп кармалган, мурдагы мамлекеттик катчы Дастан Сарыгулов төрт жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратылган.

Буга чейин Асанов жана Кадыров Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы башчысы Абдил Сегизбаевди кызматтан алууну талап кылып бир нече апта бою ачкачылык кармашкан. (SE)

XS
SM
MD
LG