Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:57

Мурдагы министр Лавровага ЖЭБ иши боюнча айып коюлду


Ольга Лаврова.
Ольга Лаврова.

Бишкек Жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) айланасында козголгон негизги кылмыш иши сотко өттү. Анда Сапар Исаков жана Жантөрө Сатыбалдиев баштаган сегиз кишиге эки берене менен айып коюлду. Алардын арасында мурдагы финансы министри Ольга Лаврова да бар. Бул тууралуу “Азаттыкка” Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Жаркынай Азиева кабарлады. Анын айтымында, башкы көзөмөл органы ЖЭБди оңдоп-түзөө ишиндеги коррупцияга байланыштуу козголгон кылмыш ишин бир жума изилдеген.

- Ишти изилдөөнүн жыйынтыгында Сапар Исаковго, Жантөрө Сатыбалдиевге, Осмонбек Артыкбаевге, Айбек Калиевге, Салайдин Авазовго, Жеңишбек Назаровго, Темирлан Бримкуловго жана Ольга Лавровага кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана коррупция фактысы боюнча тагылган айыптар негиздүү коюлганы, иштеги далилдер менен бекитилгени аныкталды. Буга байланыштуу Башкы прокуратура аталган адамдарга карата айыптоо корутундусун бекитти жана козголгон кылмыш ишин Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун кароосуна өткөрүп берди, - деди Башкы прокуратуранын өкүлү.

Лаврованын адвокаты Улан Дастан уулу Лавровага Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иши козголгонун айтып, кине негизсиз коюлуп жатат деп эсептейт.

Бишкек Жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) 2018-жылдын январында болгон аварияны жана оңдоп-түзөөгө кеткен каражаттын чоо-жайын иликтеген депутаттык комиссия “Кытайдан алынган насыя боюнча сүйлөшүү өткөрдү, документтерди иштеп чыккан жана кол койду” деген 30га жакын жетекчинин тизмесин түзгөн.

Алардын арасында мурдагы премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев жана Жоомарт Оторбаев, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, мурдагы финансы министри Ольга Лаврова жана башкалар бар. Депутаттык комиссиянын корутундусу боюнча, келишим түзүүдө Кыргызстандын кызыкчылыгы толук эске алынган эмес. (КЕ/ErN)

XS
SM
MD
LG