Линктер

шейшемби, 18-июнь, 2019 Бишкек убактысы 11:11

Москвада сот ММУнун аспирантын мартка чейин камакта калтырды


Азат Мифтахов, 7-февраль, 2019-жыл.

Москванын соту Москва мамлекеттик университетинин механика-математика факультетинин аспиранты Азат Мифтаховду 7-мартка чейин тергөө абагына камоо чечимин чыгарды. Ал Балашиха шаарындагы “Бирдиктүү Орусия” партиясынын кеңсесине өрт коюуга аралашкан деп шектелип жатат. 2018-жылдын январында белгисиз бирөөлөр партиянын кеңсесинин терезесин талкалап, ичине күйүп жаткан шамды ыргытышкан.

25 жаштагы Мифтахов коюлган айыпты четке кагып, аны үй камагына калтырууну соттон өтүндү.

Партиянын кеңсине өрт коюу иши былтыр январда башталып, бирок шектүү адамдар аныкталбагандыктан токтотулган. Иш быйыл 7-февралда кайра жандандырылып, Мифтахов кармалган.

Анын адвокаты Светлана Сидоркинанын журналисттерге айтканына караганда, Мифтаховду тергөөнүн жашыруун күбөсү “анын кашынан” улам тааныган.

Мифтахов 1-фералдан бери укук коргоо органдарынын колунда. Ал кыйноого кабылганын айтып даттанган. Алтургай өз тамырын кыйып салууга аракеттенген. Мифтахов менен кармалгандардын дагы бирөө кыйноого кабылганын айткан.

Окумуштуулар жана укук коргоочулар аспирантты тезинен бошотууну талап кылып, орус бийлигине ачык кат жолдогон.

Адвокаттар болсо кыйноо фактысын иликтөөнү талап кылып жатышат.

XS
SM
MD
LG