Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:25

НАТО Орусияны кызматташууга, АКШ менен келишимди сактоого үндөдү


НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг,12-фервлаь, 2019-жыл.
НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг,12-фервлаь, 2019-жыл.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Брюсселде өткөн басма сөз жыйынында Москванын соңку кадамы Скандинавия өлкөлөрү менен Орусиянын Ыраакы Түндүктөгү кызматташуусун токтотушу мүмкүн экенин айтты. Ага чейин Норвегия Орусияны "аймактагы GPS сигналдарын кайрадан басып жатат" деп айыптаган. Норвегиянын армиясы аскердик машыгуу өткөрүп жатканда навигация тоскоолдукка учурап жатканы байкалган.

Бул аймактагы НАТОнун машыгуусу маалында да Москванын дарегине ушундай эле айыптоолор айтылган. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров GPS сигналдарды басууга орустардын тиешеси бар дегенди “фантазия” деп баалаган.

Столтенбергдин белгилешинче, НАТО Орусия менен сүйлөшүүлөрдө авиациялык коопсуздук боюнча маселени көтөрөт. Түндүк-Атлантикалык альянстын баш катчысы НАТО Арктикада Орусия менен кызматташууну, анын ичинде деңиздеги куткаруу операцияларын бирге жүргүзүүнү пландап жатканын билдирди.

Столтенберг Вашингтон жакын арада 32 жыл мурун АКШ менен Советтер Союзу орто жана кыска аралыктагы ракеталарды жок кылуу боюнча кол койгон келишимден чыгарын эскертип, аны сактап калуу үчүн Москванын колунда акыркы мүмкүнчүлүк бар экенин белгиледи.

Баш катчы Орусияны мындай мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай пайдаланып калууга үндөдү. Ошол эле маалда НАТО жарыша куралданууга умтулуп, Европада жаңы өзөктүк ракеталарды жайгаштырбай турганан кошумчалады.

Вашингтон 1987-жылы АКШ менен Советтер Союзу кол койгон орто жана кыска аралыктагы ракеталарды жок кылуу боюнча келишимдин алкагындагы милдеттенмелерин 2-февралдан тартып токтоторун жарыялаган.

XS
SM
MD
LG