Келечек жаңы конушунда көмүр исине ууланган балдар Бишкек шаардык ооруканасында дарыланууда. Балдарга кийим-кече, памперс жана башка жардам зарыл экенин балдардын укуктарын коргоочулар жана жергиликтүү социалдык кызматкерлер "Фейсбуктагы" баракчасына жазышты. Жабыркаган балдардын атасы Рустамбек Таштанбек уулу “Азаттыкка” документтерин алып чыгууга үлгүргөнүн билдирди:
- Райондо жарык өчө берет. Ошол маалда (аялы - ред.) бардык нерселерди өчүрүп, ооруканага барып келейин деп кеткен экен. Үйдөн түтөп жатканын кошунанын кызы көрүп калып атасын чакырыптыр. Ал балдарды алып чыгыптыр, алар ууланып жаткан экен. Балдар аман чыгыптыр. Анан документтер чыкты. Азыр бир сыйра кийимибиз менен эле калдык, эч нерсебиз калган жок.
Балдардын улуусу 3,9 жашта, ортончусу 2,8 жашта, кичүүсү 1,4 жашта, үчөө тең эркек балдар. Үй-бүлө төртүнчү наристесин күтүп жатат. Айы-күнүнө жетип калган келин кырсык болгон 11-февралда да ошол аймактагы бейтапканага кеткен.
12-февралда вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова кырсыктаган балдардын абалы менен таанышты. Анын айтымында, өкмөт жабыркаган үй-бүлөгө материалдык жардам берет жана балдарга жөлөкпул алууга көмөк көрсөтөт. (КЕ)