АКШ жана Евробиримдик Орусияга карата жаңы санкцияларды даярдоодо. Бул ирет санкциялар украин кемелеринин Керч булуңунда барымтага алынышына байланыштуу киргени жатат. Бул тууралуу "Financial Times" дипломатиялык булактарга таянып жазды.
Басылманын маалыматына караганда, чектөөлөр жакынкы эки ай ичинде кириши мүмкүн. Ага кемелерди жана экипажды барымтага алган компания жана жеке жактар илинет. Еврокеңештин дипломатиялык өкүлдөрү жаңы санкцияларды 18-февралда талкуулашат.
Жаңы кире турган санкция тууралуу маалыматтардан кийин Москва биржа фондунда рубль кескин арзандап кеткен. 10 мүнөттүн ичинде улуттук валюта долларга карата 46, еврого карата 66 тыйынын жоготкон.