Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:29

Базар-Коргондо өспүрүм өз жанын кыюуга аракет кылган


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

11-февраль күнү Базар-Коргондо 15 жаштагы өспүрүм өзүн өлтүрүүгө аракет кылган. Аны өз учурунда көрүп калып, аймактык ооруканага жеткиришкен. 13-февраль күнү ал оорукананын жандандыруу бөлүмүнөн палатага которулду.

Окуя болгон учурда баланын ата-энеси башка шаарда болгон, ал чоң энесинин карамагына калтырылган. Өспүрүм окуган мектеп жетекчисинин "Азаттыкка" билдиргени боюнча, учурда анын абалы жакшы. Балага мугалимдер жана башка окуучулар тарабынан зордум-зомбулук же кысым көрсөтүлгөн эмес. Мектеп директорунун айтымында, бала жетиштүү жашаган үй-бүлөдөн.

Расмий маалыматтар боюнча өткөн жылы 88 мектеп окуучусу өз өмүрүнө кол салган. (RsK/ZKo)

XS
SM
MD
LG