Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Ноябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 10:15

Польшада Жакынкы Чыгыш боюнча конференция өтүп жатат


АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео менен Польшанын тышкы иштер министри Яцек Чапутович. 12-февраль, 2019-жыл.

АКШнын колдоосу менен Варшава шаарында Жакынкы Чыгыш боюнча чоң конференция өтүп жатат. 13-февралдагы талкууда негизинен Иранга көңүл бурулмакчы. Тегеран бул иш-чараны “кастык кадам” катары сыпаттап, анын Варшавага кесепети тиерин эскертти.

Иш-чаранын негизги уюштуруучулары - АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео жана Польшанын тышкы иштер министри Яцек Чапутович. Эки күндүк конференцияга 60тан ашуун өлкөнүн өкүлдөрү катышат.

Жогорку даражалуу коноктордун арасында АКШнын вице-президенти Майк Пенс жана Изрилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху бар.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун өз булактары билдиргендей, конференцияга 20дан ашуун өлкөнүн: Британиянын, Болгариянын, Италиянын, Грузиянын, Румыниянын, Украинанын, Түштүк Кореянын, Бразилиянын, Марокконун жана Сауд Арабиясы баштаган араб өлкөлөрүнүн өкүлдөрү катышып жатат.

Помпео “бул жерде ондогон өлкөлөр Жакынкы Чыгышта кырдаалды жакшыртып, туруктуулукту камсыз кылуу боюнча жемиштүү иштеп, бейшембиде иш-чара аяктаганча бир натыйжага жетишебиз деп үмүттөнүп турам” деди.

Бирок конференцияга Евробиримдиктин тышкы иштер мекемесинин башчысы Федерика Могерини баштаган шаркеттин башка өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери катышкан жок. Орусиядан да эч ким барган жок.

Польша ушул тапта өз аймагына Кошмо Штаттардын аскердик базасын жайгаштырууга күч жумшап жатат. АКШнын Коргоо министрлигинин өкүлдөрү Варшаванын сунушун эмки айда караштырат.

XS
SM
MD
LG