Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:32

Алимент төлөбөй качып жүргөн 2731 киши издөөдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Аларга Сот департаменти издөө жарыялаган. 12-февралда Жогорку Кеңеш алименттик милдеттенмелердин аткарылышын тескөөгө багытталган мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды.

Бул “Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу” мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорунун демилгечиси - депутат Максат Сабиров. Анын айтымында, 2017-жылы киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, жаңы мыйзамды алименттик милдеттенмелер боюнча жаӊы ченемдер менен толуктоо зарылдыгы келип чыккан. Жаңы сунушталган мыйзам долбоорунда алимент төлөбөй качып жүргөндөрдүн аты-жөнү, сүрөтү менен Интернетте атайын түзүлгөн электрондук маалымат базасына киргизилет. Мындан тышкары, алардын кээ бир укуктары чектелет.

2017-жылы алимент өндүрүү боюнча сот аткаруучуларынын көзөмөлүнө 38 500 арыз түшкөн. (ZKo)

XS
SM
MD
LG